Трамп Ирандын руханий лидери Хаменеи көз жумганын жарыя кылды
- 1 неделя мурун
АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын руханий лидери Али Хаменеи көз жумганын Truth Social баракчасына жазды.
“Дүйнөдөгү эң каардуу адамдардын бири – Хаменеи каза тапты” деп жазды Трамп.
Трамптын ою боюнча, иран эли үчүн өз “Мекенин кайтарып алууга болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Ирандын бийлиги Хаменеинин каза тапканын тастыктай элек.
Трамп бир жума бою Иранга массалык соккулар уланаарын же Жакынкы Чыгыштагы максатка жетүүгө канча мөөнөт керек болсо, ошончо убакыт уланаарын кошумчалады.
Хаменеинин өлүмү тууралуу буга чейин Reuters жана Times of Israel басылмалары израилдик аткаминердин айтуусу боюнча билдирген.
28-февралда Израилдин Куралдуу күчтөрү Иран аймагына сокку урду. Маалыматтарга караганда, Израил аба мейкиндигин жаап, өзгөчө кырдаал режимин жарыялады. АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга каршы ири аскердик операция башталганын билдирди. Ал Truth социалдык тармагына жарыялаган видеосунда Кошмо Штаттар ракеталык соккуларга түздөн-түз катышып жатканын ырастады.
Иран жооп катары Израилге ракета соккусун урду, ошондой эле АКШнын Бахрейн, Кувейт, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарындагы аскер базасына чабуул койду.
Израилде өзгөчө абал жарыяланды.
Иран жана Израил жана башка бир катар өлкөлөр аба мейкинин жапты. Дубайдагы ири аэропорт ишин токтотту.
Сүрөттө: Ирандын руханий лидери аятолла Хаменеи. Интернет булактарынан




