Трамп АКШ Ирандагы операцияга аралашканын билдирди
- 6 месяцев мурун
АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга каршы ири аскердик операция башталганын билдирди. Ал Truth социалдык тармагына жарыялаган видеосунда Кошмо Штаттар ракеталык соккуларга түздөн-түз катышып жатканын ырастады.
Трамптын айтымында, операциянын максаты Иран тараптан келген коркунучту жоюу. Ал Ирандын ракеталык өнөр жайы бутага алынарын белгилеп, Ислам революциясынын сакчылар корпусун багынып берүүгө чакырды.
Муну бөлүшүү




