Иран Дубайга сокку урду
- 2 недели мурун
- Видео
Иран Дубайга сокку урду. Мейманканалар жайгашкан аймак өрттөндү. Төрт адам жаракат алды.
Иран Абу-Даби шаарын да ракета менен аткылады. Абу-Дабиде кеминде бир адам каза тапты. Бул тууралуу “Аль-Жазира” агенттиги Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) маалымат булактарына шилтеме берип билдирди.
БАЭ бийлиги ракета соккусунун чачырандылары Абду-Дабинин турак жай райондоруна түшкөнүн маалымдады.
Visuals of fire and smoke from the Fairmont Hotel on Dubai's Palm Street#USIran #IsraelIranWar #IsraelIranConflict #USIsraelIran pic.twitter.com/fcCunIVg94
— CNBC-TV18 (@CNBCTV18News) February 28, 2026
Бүгүн, 28-февралда, Израилдин Куралдуу күчтөрү Ирандын аймагына сокку урду. Маалыматтарга караганда, Израил аба мейкиндигин жаап, өзгөчө кырдаал режимин жарыялады. Өлкөдө ракеталык жана учкучсуз учуучу аппараттар аркылуу жооп кайтарууда.
АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга каршы ири аскердик операция башталганын билдирди.
Сүрөт: Социалдык тармактардан.




