Temirov Live каналынын кызматкерлери суракка чакырылды  

  • 2 года мурун

Temirov Live каналынын бардык кызматкерлери бүгүн, 28-январда, саат  18:00гө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына Болот Темиров жана Болот Назаровго байланыштуу кылмыш ишине күбө катары суракка чакырылды.   

Бул тууралуу аталган каналдан маалымдашты.

«Укук коргоо органдары бизди өздөрү уюштурган баңгизат шоусуна байланыштуу суракка чакырышты. Бирок алар биздин ишмердүүлүгүбүз боюнча маалымат алууга кызыкдар болуп жатат деп ойлойбуз» деди каналдын журналисттери.

22-январда кечинде иликтөөчү журналист Болот Темировду укук коргоо кызматкерлери террористтерге окшотуп, Бишкек шаардык ИИБге алып кетишкен.

Темировдун иликтөөчүлөр командасынын кеңсесине укук коргоо кызматкерлери иттер менен кирип, журналисттердин колун кайрып, полго жаткырып, тинтүү жүргүзүп .  компьютерлерда алып кетишкен.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирүүсүндө журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровго Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгонун (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо) маалымдаган.

23-январда Болот Темиров менен Болот Назаровду бошотуу талабы менен журналисттер, укук коргоочулар, коомчулук нааразылык акциясына чыккан. Болот Темиров менен Болот Назаров эч жакка чыкпоо кепилдиги менен камактан чыгарылган.

Жакында Temirov LIVE деп аталган YouTube канал «Эки күндө кантип 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөөсүн жарыялаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты