Укук коргоочу Азиза Абдирасулова милицияда сурак берүүдө

  • 1 месяц мурун

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованы Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө суракка алып кетишти. Бул тууралуу анын кызы Гүлшайыр Абдирасулова социалдык тармакта билдирди.

«Апамды саат 09.05те алып кетишкен. Эки сааттан бери сурак берүүдө. Атамды киргизбей жатышат» деп жазган Гүлшайыр Абдирасулова апасы кармалгандан кийин.

Ички иштер министрлиги Азиза Абдирасулова кылмыш ишинде күбө катары сурак берип жатканын ЖМКга билдирген.

Буга чейин Азиза Абдирасулова өзүнө укук коргоо органдарынын кызматкерлери телефон чалып, байланышып жатканын социалдык тармактарга жазган.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова беш ай мурда Европа кеңешинин Раул Валленберг атындагы сыйлыкка татыктуу болгон. Сыйлык Страсбург шаарында тапшырылды.

Сыйлык тапшыруу салтанатында Европа кеңешинин баш катчысы Ален Берсе Абдирасулованын тобокелдикке карабай адам укуктарын коргоп келатканын белгиледи. Азиза Абдирасулова негиздеген “Кылым шамы” уюму адам укуктарын бузуу учурларын ашкерелегенин, жапа чеккендерге укуктук жардам бергенин, өлкөнүн ичинде жана сыртында таанылганын кошумчалады.

Валленберг атындагы сыйлык 2014-жылдан бери Швециянын бийлиги жана Венгрия парламентинин демилгеси менен эки жылда бир жолу тапшырылат.

Сүрөттө: Азиза Абдирасулова. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты