Курманкул Зулушев, Камчыбек Ташиев жана Нурланбек Тургунбек уулу ИИМде сурак бергени кабарланды
- 2 недели мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана мурдагы депутат Курманкул Зулушев Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Башкы тергөө башкармалыгына сурак берип чыкканы ЖМКда кабарланды.
Бул тууралуу “Кактус медиа” басылмасы күч түзүмдөрүндөгү жеке булактарынын айтуусу боюнча 28-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, сурак бир нече саатка созулган. Сурактан кийин аталган адамдар имараттын чыгып кетишкени маалымдалды. Сурак кайсы ишке байланыштуу экени айтылган жок. Болжолдуу маалымат боюнча, алар “75 адамдын иши” боюнча суралган.
Бул боюнча расмий маалымат бериле элек.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) тарабынан массалык баш-аламандык уюштурууга шектүүлөр кармалган. Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмүндө (Массалык башаламандыктар) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 6-апрелдеги чечими боюнча, 75 кишинин иши боюнча кармалган Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов 10-июнга чейин камакта калтырылды.
Кылмыш иши боюнча ИИМдин Тергөө кызматына кайрылууда көрсөтүлгөн 75 жаран алынып келинип, тергөө иши жүргүзүлгөн. Ага илим ишмерлери, мурдагы премьер-министрлер, экс-депутаттар жана коомдук ишмерлер президенттик шайлоону тез арада өткөрүү демилгеси менен президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин ал кездеги төрагасы Тургунбек уулу Нурланбекке кайрылуу жолдоду.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Ташиев Камчыбек Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулган.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 19-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Тургунбек уулунун ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 13-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Сүрөт коллажы: Кактус медиа




