Ташиевдин тергөө учурундагы соцтармакка тараган видеосу боюнча ИИМ түшүндүрмө берди
- 3 недели мурун
Ички иштер министрлиги (ИИМ) Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) экс-төрагасы Камчыбек Ташиевдин тергөө учурундагы видеосунун социалдык тармактарга тарашы боюнча комментарий берди.
Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов 24 kg агенттигине билдирди.
Анын айтымында, иш башында тергөөнүн кызыкчылыгы жана күбөлөрдүн коопсуздугу үчүн жабык өткөн, кийин айыпталуучулардын өтүнүчү менен сот ачык форматка өткөн.
“Бул айыпталуучулардын өздөрү процесстин максималдуу ачык болушун талап кылгандыктан ишке ашкан. Ал эми тергөө учурунда тартылган видеолордун соцтармактарга тарашын атайын уюштурулган акция же саясий максатты көздөгөн аракет катары баалабайбыз. Бул маселеге саясий өңүт бербөө керек деп эсептейбиз. Тергөө маалында видеоматериалдар тергөөчүнүн чечими менен тартылышы мүмкүн” деди Макилов.
Ошондой эле, ал видеоматериалдар кандай жол менен сыртка чыгып кеткендиги белгисиз экенин айтты.
“75чилердин каты” боюнча тергөөдө көрсөтмө берип жаткан адамдардын видеолору социалдык тармактарда тараган.
15-июнда түштөн кийин Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 75чилердин иши боюнча сот отуруму уланды.
75чилердин иши боюнча сот отуруму мындан ары ачык өтөт. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту бул иш боюнча соттук отурумдан жашырууну грифти алып салды.
Бул иш боюнча айыпталуучулар сот отурумунун ачык өтүшүн талап кылышкан. Өтүнүч 11-июнда судья тарабынан канаттандырылды.
18-майда Биринчи май райондук сотунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, парламенттин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган сегиз адамдын соттук иши башталды.
Аларга кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси, бийликти күч менен басып алуу жана 337-берене, кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча айып тагылууда.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 29-апрелде кайрылуу жасап, күнөөсү жок экенин жана акталып чыгарын билдирди.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) тарабынан массалык баш-аламандык уюштурууга шектүүлөр кармалган. Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмүндө (Массалык башаламандыктар) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 6-апрелдеги чечими боюнча, 75 кишинин иши боюнча кармалган Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов камакта калтырылды.
Сүрөт: Сулан Макилов. Архивдик сүрөт. ИИМ




