«Ташиев президент болсо, белек кылам деген»

Президент Садыр Жапаров Талас облусунун Айтматов жана Манас райондорунун тургундары менен 3-ноябрда жолугушту. Анда Айтматов районунун жашоочусу скульптор Алмазбек Окоев ишкер Абдылдабек Көчөрбаевдин буюртмасы менен жасаган эстелиги үчүн акчасын ала албай жатканын айтты.

Маалыматка караганда, «Ташиев жакында президент болсо, белек кылам» деп, Камчыбек Ташиевдин тууганы делген ишкер Абдылдабек Көчөрбаев Көкүмбийдин эстелигин жасоого буюртма берген. Бирок эстелик даяр болгондон кийин ал акысы катары макулдашылган 5,5 млн сомду бербей жүргөнү тууралуу президентке айтылды.

Бул иш боюнча ИИМдин өкүлү да маалымат берди. Президент иштин чоо-жайын тактап, жарандын акчасын кайтарып берүүнү тапшырды.

Ал эми Камчыбек Ташиевдин тарапташы, мурда «Регион ТВны» жетектеген Өткүрбек Рахманов скульптор менен ишкердин ортосундагы талаш боюнча пикирин билдирип, ишкердин Камчыбек Ташиевге туугандык жакындыгы жок экенин, бул ишке саясий өңүт берүүнүн кереги жок экенин билдирди:  

-Биринчиден Абдылдабек Көчөрбаевдин Камчыбек Ташиевге эч кандай туугандык жакын байланышы жок. Экинчиден, эстеликке буюртма берүү, аны жасатуу 5,4 млн сомдк акыны төлөө маселесине да Камчыбек Кыдыршаевичтин эч кандай тиешеси жок. Бул эки тараптын ортосундагы келишимдик жана каржылык гана маселе. Ага саясий өңүт берүүнү, Камчыбек Ташиевдин атын аралаштырууеуе зарылдыгы жок, -деп билдирди Өткүрбек Рахманов. -Ар бир адам өзүнүн жеке иш-аракети жана милдеттенмеси үчүн өзү жоп бериши керек. Бул маселеге саясий боек берүүгө аракет кылбастан мыйзам чегинде чечүү зарыл, -деди ал.   

 Сүрөт: Президенттин Талас облусундагы жолугушууларынан. president.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты