75чилердин иши: Сот отуруму мындан ары ачык өтөт

  • 1 месяц мурун

75чилердин иши боюнча сот отуруму мындан ары ачык тартипте өтөт. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту бул иш боюнча соттук отурумдан жашырууну грифти алып салды.

Маалыматты адвокаттар Акынбек Ногоев жана Икрамидин Айткулов ЖМКга тастыктады.

Бул иш боюнча айыпталуучулар сот отурумунун ачык өтүнүшүн талап кылышкан. Өтүнүч бүгүн, 11-июнда судья тарабынан канаттандырылды.

11-июнда айыпталуучулар Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев суракка катышты.

Соттук отурумга күбө катары экс-премьер-министри Кубатбек Боронов барды.. Ага чейин мурдагы элчи Ибрагим Жунусов, мурдагы депутат Иса Өмүркулов, коомдук ишмер Досбол Нур уулу келген.

18-майда Биринчи май райондук сотунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, парламенттин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган сегиз адамдын соттук иши башталды. 

Аларга кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси, бийликти күч менен басып алуу жана 337-берене, кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча айып тагылууда.   

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 29-апрелде кайрылуу жасап, күнөөсү жок экенин жана акталып чыгарын билдирди.

Ички иштер министрлиги бул ишке “жашыруун” деген гриф койгон, буга байланыштуу сот отурумдары жабык өтүп жаткан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) тарабынан массалык баш-аламандык уюштурууга шектүүлөр кармалган. Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмүндө (Массалык башаламандыктар) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 6-апрелдеги чечими боюнча, 75 кишинин иши боюнча кармалган Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов камакта калтырылды.

Кылмыш иши боюнча ИИМдин Тергөө кызматына кайрылууда көрсөтүлгөн 75 жаран алынып келинип, тергөө иши жүргүзүлгөн. Ага илим ишмерлери, мурдагы премьер-министрлер, экс-депутаттар жана коомдук ишмерлер президенттик шайлоону тез арада өткөрүү демилгеси менен президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин ал кездеги төрагасы Тургунбек уулу Нурланбекке кайрылуу жолдогон.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты