75-кишинин иши: Кармалган бешөө 10-июнга чейин камакта калтырылды

  • 1 неделя мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 6-апрелдеги чечими боюнча, 75 кишинин иши боюнча кармалган Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов 10-июнга чейин камакта калтырылды.

Алар Бишкектеги тергөө абагында кармалат.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) тарабынан массалык баш-аламандык уюштурууга шектүү Т.Б. , У.Э жана Д.К. кармалганын билдирген.  Ал инициалдар Бекболот Талгарбеков, Эмил Узакбаев жана Курманбек Дыйканбаевге туура келет.

Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмүндө (Массалык башаламандыктар) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иши боюнча ИИМдин Тергөө кызматына кайрылууда көрсөтүлгөн 75 жаран алынып келинип, тергөө иши жүргүзүлгөн .Ага илим ишмерлери, мурдагы премьер-министрлер, экс-депутаттар жана коомдук ишмерлер кол койгон. Аталган кайрылуудагы айрым билдирүүлөрү калк арасында кызуу талкууга алынып, өлкө ичинде коомдук саясий кырдаалды курчуткан.

Кыргызстандын белгилүү коомдук-саясий ишмерлери, көрүнүктүү адамдары, анын арасында экс-премьерлер,экс-депутаттар, окумуштуулар мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону тез арада өткөрүү демилгеси менен президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин ал кездеги төрагасы Тургунбек уулу Нурланбекке кайрылуу жолдоду.

Кайрылууда алар президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү демилгесин көтөрүүнү сунуштаган. Ага илим ишмерлери, мурдагы премьер-министрлер, экс-депутаттар жана коомдук ишмерлер кол койгон. Аталган кайрылуудагы айрым билдирүүлөрү калк арасында кызуу талкууга алынып, өлкө ичинде коомдук саясий кырдаалды курчуткан.

Сүрөт коллажы: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты