Камчыбек Ташиевдин иши боюнча соттук угуу башталды

  • 3 недели мурун

Бүгүн,18-майда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, парламенттин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган сегиз адамдын соттук иши башталды.

12-майда УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин иши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна кароого жиберилген. Аларга «бийликти күч менен басып алууга аракети» беренеси менен иш козголуп, материалдар сотко өткөн.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 29-апрелде кайрылуу жасап, күнөөсү жок экенин жана акталып чыгарын билдирди.

Ички иштер министрлиги бул ишке “жашыруун” деген гриф койгон, буга байланыштуу сот отурумдары жабык өтүүдө.

Сүрөттө: Камчыбек Ташиев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты