75чилердин каты: Соцтармактарга тергөө учурундагы видео тасма тарады
- 4 недели мурун
“75чилердин каты” боюнча тергөөдө көрсөтмө берип жаткан адамдардын видеолору социалдык тармактарда тарады.
Азырынча бул видеолор боюнча расмий органдар комментарий бере элек.
Видео тамада Карыпбек Асанов, Максатбек Дыйканов, Эрнис Турдалиев, Токтогул Сооронбаев, Мухаммедкалый Абылгазиев, Рцсбек Кулчороев, Нур уулу Досол, Курсан Асанов, Эмилбек Узакбаев, Бекболот Талгарбеков. Нургазы Анаркулов, Камчыбек Ташиев көрсөтмө бергендери жана 75 кишинин каты боюнча президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү боюнча кандайча кол коюп бергендерин айтып жатышат.
15-июнда түштөн кийин Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 75чилердин иши боюнча сот отуруму уланды.
Сотко Улуттук коопсуздук мамлекеттик (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушев жана бул иш боюнча камактагылар Бекболот Талгарбеков, Курсан Асанов, Курманбек Дыйканбаев, Эмил Узакбаев, Аалы Карашев катышууда.
Сот отурумунда күбөлөр суралууда. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдимуктар Маматов суракта аны кафеге чакырышканын, эки жолу барбай турганын билдирди. Бирок ал жакка сыйлуу адамдар, Калматов, Узакбаев, Нур Досбол уулу бар экенин айтканда, барууну чечкенин айтты. 75чилердин катын көз айнеги жок болуп, өзү окуган эмес, бирок каттын мааниси — мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү тууралуу болгонун айтып берди.
75чилердин иши боюнча сот отуруму мындан ары ачык өтөт. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту бул иш боюнча соттук отурумдан жашырууну грифти алып салды.
Бул иш боюнча айыпталуучулар сот отурумунун ачык өтүшүн талап кылышкан. Өтүнүч 11-июнда судья тарабынан канаттандырылды.
11-июнда айыпталуучулар Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев суракка катышты. Соттук отурумга күбө катары экс-премьер-министри Кубатбек Боронов барды. Ага чейин мурдагы элчи Ибрагим Жунусов, мурдагы депутат Иса Өмүркулов, коомдук ишмер Досбол Нур уулу келген.
18-майда Биринчи май райондук сотунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, парламенттин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган сегиз адамдын соттук иши башталды.
Аларга кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси, бийликти күч менен басып алуу жана 337-берене, кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча айып тагылууда.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 29-апрелде кайрылуу жасап, күнөөсү жок экенин жана акталып чыгарын билдирди.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) тарабынан массалык баш-аламандык уюштурууга шектүүлөр кармалган. Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмүндө (Массалык башаламандыктар) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 6-апрелдеги чечими боюнча, 75 кишинин иши боюнча кармалган Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов камакта калтырылды.
Кылмыш иши боюнча ИИМдин Тергөө кызматына кайрылууда көрсөтүлгөн 75 жаран алынып келинип, тергөө иши жүргүзүлгөн. Ага илим ишмерлери, мурдагы премьер-министрлер, экс-депутаттар жана коомдук ишмерлер президенттик шайлоону тез арада өткөрүү демилгеси менен президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин ал кездеги төрагасы Тургунбек уулу Нурланбекке кайрылуу жолдогон.
Иллюстрациялык сүрөт: Сот учурунда. 15-июнь 2026-жыл. Темир тордо: Бекболот Талгарбеков, Курсан Асанов, Курманбек Дыйканбаев жана башкалар.
Сүрөт: «ПолитКлиника»




