“Күнөөм жок, акталып чыгам”. Камчыбек Ташиев кайрылуу жасады
- 2 недели мурун
- Баяндар
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 29-апрелде кайрылуу жасады.
Кайрылууда Камчыбек Ташиев күнөөсү жок экенин жана акталып чыгарын билдирди:
-Урматтуу эл-журт! Сиздерге мага карата козголгон кылмыш иши боюнча кайрылууга туура келип жатат. Себеби бүгүн эртең менен маалымат чыккандан бери көптөгөн адамдар тынчсызданып жатканын билдиришүүдө. Бул кылмыш иши боюнча менин юридикалык жактан толук коргонууга мүмкүнчүлүгүм бар жана Аллахым буюрса, менин эч бир күнөөм жок, акталып чыгам, -деди Камчыбек Ташиев.
-Кимдин күнөөсү болсо, ал жазасын тартат, ал эми таза болсо акталат. Себеби мамлекетибизде акыйкат сот системасын түзүүгө мамлекет башчыбыздын аракеттери көрүлгөн. Мисалы, 25 адамдан турган «Кемпир-Абадчылар» да акталышты. Ошондуктан баарыңыздарды мыйзамдын чегинде гана болууңуздарды суранамын. Эч кандай коомдук же башка адамдардын кыймыл аракеттеринин зарылдыгы жок деп эсептейм. Мен үчүн кыжалат да, кабатыр да болбоңуздар. Ар бириңиздерге чоң рахматымды айтамын, ыраазычылык билдирем. Буюрса, баары жакшы болот, -деп билдирди Камчыбек Ташиев.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана мурдагы депутат Курманкул Зулушев Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Башкы тергөө башкармалыгына сурак берип чыкканы ЖМКда кабарланды.
Маалыматка караганда, сурак бир нече саатка созулган. Сурактан кийин аталган адамдар имараттын чыгып кетишкени маалымдалды. Сурак кайсы ишке байланыштуу экени айтылган жок. Болжолдуу маалымат боюнча, алар “75 адамдын иши” боюнча суралган.
Айрым маалыматтарда сурак учурунда Камчыбек Ташиевге, Курманкул Зулушевге жана Нурланбек Тургунбек уулуна кылмыш боюнча күнөө коюлуп, айыбы угузулганы айтылат. Бирок расмий маалымат бериле элек.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) тарабынан массалык баш-аламандык уюштурууга шектүүлөр кармалган. Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмүндө (Массалык башаламандыктар) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 6-апрелдеги чечими боюнча, 75 кишинин иши боюнча кармалган Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов 10-июнга чейин камакта калтырылды.
Кылмыш иши боюнча ИИМдин Тергөө кызматына кайрылууда көрсөтүлгөн 75 жаран алынып келинип, тергөө иши жүргүзүлгөн. Ага илим ишмерлери, мурдагы премьер-министрлер, экс-депутаттар жана коомдук ишмерлер президенттик шайлоону тез арада өткөрүү демилгеси менен президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин ал кездеги төрагасы Тургунбек уулу Нурланбекке кайрылуу жолдоду.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Ташиев Камчыбек Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулган.
Сүрөттө: Камчыбек Ташиев. Интернет булактарынан




