“Камчыны президент кылып коюп, эс алууга кетсемби деген менин өзүмдүн планым болгон”. Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев тууралуу
- 4 недели мурун
- Баяндар
Президент Садыр Жапаров Али Токтакуновдун YouTube каналына берген маегинде Камчыбек Ташиев менен мамилесин айтып келип, аны президент кылып коюп, эс алууга кетсемби деген планы болгонун билдирди.
Менин өзүмдүн планым болгон, алты жыл отуруп эле, 2027-жылы шайлоого барбайм дегем, даяр болуп калса, жакшы иштеп калды деп, Камчы катышса, мен катышпай эле президент кылып коюп, эс алууга кетсемби деген.
-Өзүнө бир жыл калганда айтканмын, мен деле төрт жыл чет өлкөдө тентидим, төрт жыл түрмөдө чиридим, алты жыл мобу жерде, конвой менен жүргөн сыяктуу жүрөмүн, чачым агарды, небере-чөбөрө бар, мен деле ошолорго көңүл бурайын деп кептин ачыгы, өзүнө да айтып, даяр болгун, даярдан, тегерегиңди тазала, тарбияла деп келгенмин. Карасам, ал даяр эмес, «кызматкерлериңдин баары тигинтип жатат, айлана-тегерегиңдин баары асманда жүрөт, учуп алды, 75тердин каты, парламентти экиге бөлүп алып, сен генерал тараптасыңбы же башка тараптасыңбы дегенде, анан чакырып алып, “мындай болбойт, элди экиге бөлбөш керек, андай түндүк-түштүк деп бөлгөндөрдү катуу жазалайм дедим. Эми-эми эл биригип баратса, сен «тиги тараптасыңбы же бул тараптасыңбы» деген болбойт, мен сени кызматтан алып жатам, капа болбогун дедим. Катышам десең, шайлоого шарт түзүп берем деп айттым. Германияда жаткан, телефондон айттым. “Болду” сенин чечимиң, эч кандай “эмем” жок деди. Анан “күтүүсүз болду”деди. Күтүүсүз болот да, кызматтан кеттиң деп жатсам, -деди президент Садыр Жапаров.
Ошондой эле маекте Камчыбек Ташиев менен мамилесинин таржымалына токтолуп, мындай деди:
-20 жылдан бери, 2005-жылы парламентке депутат болуп келгенден бери таанышып, дос болуп, үй-бүлөлүк катышып, чай ичишип келдик. 2020-жылы болсо, түрмөдөн чыгып, бийликке отургандан кийин атайын кызматтын башчысы кылдым. Жакшы, беш жыл жакшы иштеп берди. Бирок бир кемчилиги – жакындарын, классташтары дейбизби, группалаштары дейбизби, жакын адамдарына жакшы көз сала албай калган үчүн эле кызматтан кетти. Анан анча-мынча кемчиликтери да бар дегендей. Адам болгондон кийин баарыбыз жаңылабыз, иштебеген адам жаңылбайт дегендей, пайгамбар эмеспиз. Дос бойдон кала берет, кызматка алып келейин деген планым жок. Ал эс алыш керек. Балким өткөн-кеткенди саресеп салып, ката кетирген учурларын эстеп, түшүнөөр деп ойлойм. Кызматка келбейт, азырынча. Жалаң эле ката кетирди дегенден алысмын, эмгеги бар, аны эл деле көрүп турат, ийгиликтерге жетишүүдө кошумчасы бар. Берилген тапшырманы чагылгандай тездик менен, ошол күнү аткарып, чечимге жооп берет. Мен акыркы эки жылдан бери, өзү деле билет, какшап айтып келе жаткам, эл арасында сөз бар, жанагы криминалдардын буюмдарынын жарымын төгүп, жарымын менчиктеп алып атат деп жатат, кустургандардын жарымын кустуруп, жарымын чөнтөгүнө салып атышат десем, мен барып, текшерип келейинчи деп, эки күндөн кийин “кызматтык иликтөө жүргүздүм, таптаза экен” деп эле келип жатты. Анан кызматтан алынгандан кийин, мойнуна алып, “ооба, мен ошол жагынан ката кетириптирмин, мен ишенип алыптырмын, ошол мезгилде сенин айткандарыңды уксам болмок экен” деди. Эми, мына кеч болду.
Ушул жылы 29-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) акыркы беш жылда коррупцияга каршы күрөшүү чараларынын жана тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 352 миллиард сом (4,14 миллиард АКШ долларына барабар) каржылык активдер, мамлекеттик мүлк, жер участоктору жана башка материалдык баалуулуктар түрүндө кайтарылып берилгенин маалымдаган.
Ушул эле маекте Садыр Жапаров коррупция менен күрөшүүдөн 4 миллирад доллар түшпөгөнүн айтты.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) жетекчилиги системаны тазалоо, ишмердүүлүктүн ачык-айкындуулугун жогорулатуунун жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнүн алкагында кадрдык курамды тазалоо иштерин жүргүзүп жаткандыгын билдирди. Коррупциялык көрүнүштөргө жана бизнесте мыйзамсыз басым көрсөтүүгө катышы бар кызматкерлер аныкталды жана кызматтан четтетилди, кылмыш иштери козголду.
“УКМКнын айрым кызматкерлери жана алар менен байланышкан адамдар ишкерлерден жана кылмыш иштери боюнча фигуранттардан, мамлекеттин пайдасына өткөрүлүүгө тийиш болгон акча каражаттарын жана мүлктүк укуктарды мыйзамдуу өткөрүп берүү деген шылтоо менен өздөрүнө ыйгарып келишкендиги аныкталган” деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.
УКМКнын Бишкек башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков, Чүй облусу боюнча башкармалыгын тергөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бердибек Боронбаев жана УКМКнын Бишкек башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбековдун жакын адамы делген УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев камакка алынган.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду. Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.Рустам Мамасадыков УКМК төрагасынын биринчи орун басары, Алишер Эрбаев УКМКнын төрагасынын орун басары – Антитеррордук борбордун директору, Уранбек Шадыбеков УКМК төрагасынын орун басары – атайын кызматтын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору болуп дайындалды.
Сүрөт: president.kg




