75чилердин иши: Сот отуруму кийинкиге жылдырылды

  • 3 недели мурун

Бүгүн, 18-июнда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 75чилердин каты боюнча сот отуруму айыпкерлердин бири—Эмил Узакбаевден саламаттыгына байланыштуу 22-июнга жылдырылды.

Эмил Узакбаев ден соолугуна байланыштуу сот отурумуна келе албай калган. Ошондуктан отурум дүйшөмбү күнгө, 22-июнга жылдырылды.

Сот отурумуна барган “ПолитКлиниканын” кабарчысынын маалыматына караганда, сотто күзөтчүлөр айыпкерлердин алдынан микрофонду алып коюп, сүрөт жана видео тартууга тоскоолдук жараткан.  

Сотту судья Азирет Медеров алып барган.   

15-июнда Биринчи май райондук сотунда 75чилердин каты боюнча сот отуруму өттү. Анда күбөлөр сурак берди. Күбөлөрдүн бири- Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева сурак берди.

75 чилердин каты боюнча сотко Улуттук коопсуздук мамлекеттик (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушев жана бул иш боюнча камактагылар Бекболот Талгарбеков, Курсан Асанов, Курманбек Дыйканбаев, Эмил Узакбаев, Аалы Карашев катышууда.

75чилердин иши боюнча сот отуруму мындан ары ачык өтөт. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту бул иш боюнча соттук отурумдан жашырууну грифти алып салды.

Бул иш боюнча айыпталуучулар сот отурумунун ачык өтүнүшүн талап кылышкан. Өтүнүч 11-июнда судья тарабынан канаттандырылды.

11-июнда айыпталуучулар Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев суракка катышты. Соттук отурумга күбө катары экс-премьер-министри Кубатбек Боронов барды. Ага чейин мурдагы элчи Ибрагим Жунусов, мурдагы депутат Иса Өмүркулов, коомдук ишмер Досбол Нур уулу келген.

18-майда Биринчи май райондук сотунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, парламенттин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган сегиз адамдын соттук иши башталды. 

Аларга кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси, бийликти күч менен басып алуу жана 337-берене, кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча айып тагылууда.   

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 29-апрелде кайрылуу жасап, күнөөсү жок экенин жана акталып чыгарын билдирди.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) тарабынан массалык баш-аламандык уюштурууга шектүүлөр кармалган. Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмүндө (Массалык башаламандыктар) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 6-апрелдеги чечими боюнча, 75 кишинин иши боюнча кармалган Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов камакта калтырылды.

Кылмыш иши боюнча ИИМдин Тергөө кызматына кайрылууда көрсөтүлгөн 75 жаран алынып келинип, тергөө иши жүргүзүлгөн. Ага илим ишмерлери, мурдагы премьер-министрлер, экс-депутаттар жана коомдук ишмерлер президенттик шайлоону тез арада өткөрүү демилгеси менен президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин ал кездеги төрагасы Тургунбек уулу Нурланбекке кайрылуу жолдогон.

Сүрөт: 2015-июндагы сот отурумунан. «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты