Камчыбек Ташиев президенттик шайлоого катышпай турганын билдирди

  • 4 недели мурун

Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев алдыдагы президенттик шайлоого талапкерлигин койбой турганын билдирди. Ташиевдин билдирүүсү Өткүрбек Рахмановдун Фейсбук баракчасына жарыяланды.

-Мен 2027-жылдагы президенттик шайлоого катышпайм. Бул тууралуу буга чейин да бир нече жолу так айткам. Бүгүн дагы ошол Генералдык сөзүмдөн кайтпайм. Менин позициям өзгөргөн жок жана өзгөрбөйт,- деди Камчыбек Ташиев.

Ошондой эле келерки президенттик шайлоодо президент Садыр Жапаровдун талапкерлигин кодой турганын айтты:   

-2027-жылдагы президенттик шайлоодо Кыргыз Республикасынын президенти, башкы кол башчы Садыр Нургожоевич Жапаровду толук колдойм. Бул дагы менин көптөн бери айтып келе жаткан так позициям экенин билесиздер. Себеби өлкөнүн туруктуулугу, мамлекеттин кызыкчылыгы жана элдин ынтымагы баарынан жогору турат. Мен мамлекетчил жана мекенчил адам катары, досум Садыр Нургожоевичти колдоймун. Досумду колдоо менен мен мамлекетибиздин өнүгүүсүн, элибиздин биримдигин жана Кыргызстаныбыздын келечегин колдогонум деп билемин, -деп билдирди Ташиев.

-Менин атымды пайдаланып, жалган маалыматтарды таратып, ушак-айың аркылуу элди адаштырууга аракет кылгандарга, бузукуларга ишенбеңиздер. Андай адамдардын максаты коомго бүлүк салуу, элдин ынтымагын бузуу, -деди Камчыбек Ташиев.

Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу Конституциялык мыйзамынын 10-главасына ылайык, 2027-жылдын төртүнчү жекшембисинде же 2027-жылдын 24-январында өткөрүүгө туура келет. Ал эми Жогорку Кеңеш тарабынан шайлоону дайындоо күнү добуш берүүгө төрт ай калганда же 2026-жылдын 24-сентябрынан кечикпей белгилениши керек.   

Бул тууралуу Конституциялык сот 2026-жылы 17-февралда президенттин президентти шайлоону мөөнөтү боюнча түшүндүрмө берүүсүнө расмий чечим кабыл алды.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Ташиев Камчыбек Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулган.

2-июлда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 75 кишинин каты боюнча козголгон кылмыш ишинин өкүмүн чыгарды.  

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс- башкы прокурор Курманкул Зулушев, саясатчылар Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев, Курсан Асанов жана Эмилбек Узакбаев, бардыгы 8 киши күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратуу чечими чыкты. Жаза мөөнөтүн алардын баары пробация режиминде өтөшмөкчү.

Алардын үй-мүлкү конфискация болмокчу. Сот айыпталуучуларды Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси боюнча актап, кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча айыптап, үч жыл пробация берди.

Сүрөттө: Камчыбек Ташиев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты