Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында кайрылуу жасады (Видео)

Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюумунун Бащкы ассамблеясынын 77-сессиясында жалпы дебаттарында кайрылуу жасады. Президент Жапаров БУУнун трибунасында кыргыз тилинде сүйлөдү.

Садыр Жапаров өз сөзүндө чек ара маселесин да көтөрдү. Анын ичинде Тажикстан менен болгон мамиле тууралуу да сөз козгоду. Тажикстан принциптен тайып, келишимдерди бузганын белгиледи. Ушул жылдын 14-15-16-сентябрында масштабдуу аскердик кагылышуу болгонун кабарлады. Мурдагы сүйлөшүүлөргө карабай, чабуул жасады.

«Тажикстандын агрессиялык, жүзү каралык акциясы бизди капа кылууда» деди Садыр Жапаров.

Биринчилерден болуп кол салганынын документтештирилген далилдери бар экенин айтты.

Бардык маселени сүйлөшүүлөр менен чечүүгө, чек ара маселесин жакын арада чечүүгө мамлекет даяр экенин баса белгиледи.

«Бөтөн жерге көз артпайбыз, бирок бир да сантиметр жерибизди бербейбиз!» деди Садыр Жапаров.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты