Баткен районунун Боз-Адыр айылында эвакуацияланган 4 миңдей адам бар

  • 2 года мурун

Баткен районунун Боз-Адыр айылында жалпы 20 миңдей адам эвакуацияланса, азыркы күндө 4 миңдей адам бар.

Бул тууралуу Баткен районунун Суу- Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Камчыбек Дыйканов билдирди.

-Тажиктердин куралдуу кол салуусунун натыйжасында чек арадагы айылдардан Боз-Адыр айылына 20 миңдей жаран эвакуацияланган. Келген жарандар 5 объектиге (2 мектеп, 2 бала бакча, 1 гимназиянын жатаканасы), кээ бирөөлөрү айыл жашоочуларынын үйлөрүнө жайгаштырылган. Аларга жергиликтүү тургундар менен бирге 2 бодо мал, 2 кой союп ысык-тамак уюштурулду. Ошондой эле Кыргызстандын булуң-бурчунан келген гуманитардык жардамдар таратылды. Бүгүнкү күндө биздин айылда эвакуацияланган 4 миңден ашык адам бар,-деди ал.

Кыргыз-тажик чек арасында ушул жылдын 14-сентябрында башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 200 кө жакын киши жарат алды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

14-17-сентябрь күндөрү Тажикстандын аскерлеринин агрессивдүү кол салуусунуну натыйжасында Баткен облусундагы эвакуация болгон 15 миң 532 жаран үйлөрүнө кайтып келишти.

Сүрөт: Медиа штаб тарабынан берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты