Ташиевдин адвокаты Айткулов апелляция эмоциянын же саясий баанын эмес, суроолордун тегерегинде түзүлгөндүгүн айтты   

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов кылмыш ишине берилген апелляция “эмоциянын же саясий баанын” айланасында эмес, конкреттүү суроолордун тегерегинде атайын түзүлгөндүгүн билдирди.

Адвокат Икрамидин Айткулов Камчыбек Ташиевдин кайсы аракети кылмыштын башталышы болуп саналарын, кылмышка даярдануунун кандай далилдери бар экенин, мамлекеттик бийликти күч менен тартып ала турган кандай механизм болгонун, ким тарабынан күч колдонулмактыгы, кандай кадамдар көрүлмөк экени ж.б. сотко 5-6 конкреттүү суроо берилгенин белгиледи.

Биз сот ката кетирип алды деген жокпуз, сот жооп берген жок, иликтеген жок, айыптоочунун аракеттерин конкреттүү айта алган жок, далилдерди анализдөөнү божомолдор менен алмаштырып алды деп айтып жатабыз деди Икрамидин Айткулов.      

-Бул жерде сөз конкреттүү сот актысы тууралуу эмес, сот тарабынан негизги милдет болгон далилдерге кирген бардык жагдайларды келтирүү, жактоонун ар бир суроосуна жооп берүү болуп саналат, биринчи инстанциядагы сот аларды жасаган эмес,-деп билдирди адвокат.

Ошондой эле соттон кылмыш-процессуалдык мыйзам талаптарын аткарууну талап кыла тургандыктарын белгиледи.  

Президент укуктук жагын белгилөө боюнча Конституциялык сотко кайрылганын жана ал өкүм чыгаруунун негизи болгонун айтып, укуктук адилеттүүлүк мотивацияланган соттук чечимден башталарын билдирди.

10-августта 75чилердин каты боюнча апелляциялык арыз боюнча соттук иш шаардык сотто каралып, 13-августка жылдырылды.

2-июлда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 75 кишинин каты боюнча козголгон кылмыш ишинин өкүмүн чыгарган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс- башкы прокурор Курманкул Зулушев, саясатчылар Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев, Курсан Асанов жана Эмилбек Узакбаев, бардыгы 8 киши күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратуу чечими чыкты. Жаза мөөнөтүн алардын баары пробация режиминде өтөшмөкчү.

Алардын үй-мүлкү конфискация болмокчу. Сот айыпталуучуларды Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси боюнча актап, кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча айыптап, үч жыл пробация берди.

Бул иш боюнча камакта жаткан бешөө Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов сот залынан бошотулган.

Сүрөттө: Камчыбек Ташиев. Интернет булактарынан  

      

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты