75чилердин иши: Камчыбек Ташиев «акталам» деп турганын адвокаты Айткулов айтты   

Бүгүн, 10-сентябрда, Бишкек шаардык сотунда 75 чилердин иши боюнча сот отуруму улантылды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы «Камчыбек Ташиевдин акталам деп турганын Бишкек шаардык сотундагы жарыш сөз учурунда айтканын адвокат Икрамидин Айткулов билдирди.

“Ал сөзсүз акталарын айтты. Азыр болбосо, кийин. Ал сөзсүз акталат. Анткени ал эч кандай кылмыш кылган эмес” деди Айткулов.

75чилердин иши боюнча бүгүн сот өкүмү чыгары күтүлүүдө.

Сот отуруму жабык өтүүдө.

13-августта Бишкек шаардык сотунда 75чилердин каты боюнча апелляциялык арыздын негизинде сот иши улантылды. Сот катка кол койгон 70 кишини сотко чакыруу өтүнүчүн канааттандырды.   

2-июлда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 75 кишинин каты боюнча козголгон кылмыш ишинин өкүмүн чыгарган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс- башкы прокурор Курманкул Зулушев, саясатчылар Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев, Курсан Асанов жана Эмилбек Узакбаев, бардыгы 8 киши күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратуу чечими чыкты. Жаза мөөнөтүн алардын баары пробация режиминде өтөшмөкчү.

Алардын үй-мүлкү конфискация болмокчу. Сот айыпталуучуларды Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси боюнча актап, кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча айыптап, үч жыл пробация берди.

Сүрөт: Мурдагы сот отурумдарынан. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты