Сыймык Жапыкеев кыргыз тилинин тестин тапшырганын билдирди
- 21 час мурун
- Жаңылыктар
Президенттикке талапкер болуу ниетинде Сыймык Жапыкеев «Кыргызтесттен» тест тапшырып, ийгиликтүү өткөнүн социалдык тармактарда билдирди.
Буга чейин президентикке талапкер болуу ниетин билдиришкен Өмүрбек Суваналиев менен Сыймык Жапыкеев кыргыз тилинин тестинен өтпөй калышкандыгы белгилүү болду.
Президенттикке талапкер көрсөтүү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин созулат.
14-октябрда Аймен Касенов президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен БШКга кайрылды.
Президенттик шайлоого катышуу ниетин президент Садыр Жапаров жана саясатчы Өмүрбек Суваналиев билдирди. Андан кийин президенттик шайлоого катышаарын Сыймык Жапыкеев айтты. Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев президенттикке талапкерликке баруу ниетинде экени маалым болду.
Исхак Масалалиев да кыргыз тилинен тапшырганы жана өткөнү белгилүү болгон.
Кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өткөрүлө тургандыгы тууралуу Жогорку Кеңеш 24-сентябрда чечим кабыл алды.
Сүрөттө: Сыймык Жапыкеев. Интернет булактарынан




