Сыймык Жапыкеев президенттикке талапкерлигин коюу ниети бар экенин билдирди

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын мурлагы төрагасы Сыймык Жапыкеев алдыдагы президенттик шайлоого талапкерлигин коюу ниети бар экенин билдирди.

Бул тууралуу Жапыкеев журналист Эрнис Кыязовдун подкастында билдирди.

“Президенттикке талапкерлигиңизди коесузбу”  деген суроого “буюрса коем” деп жооп берди Жапыкеев.   

Кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өткөрүлө тургандыгы тууралуу Жогорку Кеңеш 24-сентябрда чечим кабыл алды.

Борбордук шайлоо комиссиясы президентти шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө кеткен чыгымдардын сметасын түздү. Анын жалпы суммасы 1 млрд 200 млн сомду түзөт.

Президенттик шайлоого катышуу ниетин президент Садыр Жапаров жана саясатчы Өмүрбек Суваналиев билдирди.

Сүрөттө: Сыймык Жапыкеев

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты