Кыргызтест: Суваналиев менен Жапыкеев жазуу субтестин кайра тапшыра алат

Президенттик шайлоого катышуу ниетинде Өмүрбек Суваналиев жана Сыймык Жапыкеев мамлекеттик тилден тест тапшырып, “Жазуу” субтестинен жетиштүү балл ала алган эмес.

“Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин жалпы ички тартибине ылайык, субтесттин бирөөнөн 50-59 балл алып, өтпөй калган жарандар тестти 3 жумушчу күндөн кийин кайра тапшыра алышат. Аталган жарандар тил сынагынан өтпөй калды деп айтуу эрте»-деп билдирди «Кыргызтест».

Президентикке талапкер болуу ниетин билдиришкен Өмүрбек Суваналиев менен Сыймык Жапыкеев кыргыз тилинин тестинен өтпөй калышкандыгы белгилүү болду.

Президенттикке талапкер көрсөтүү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин созулат.  

14-октябрда Аймен Касенов президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен БШКга кайрылды.

Президенттик шайлоого катышуу ниетин президент Садыр Жапаров жана саясатчы Өмүрбек Суваналиев билдирди. Андан кийин президенттик шайлоого катышаарын Сыймык Жапыкеев айтты. Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев президенттикке талапкерликке баруу ниетинде экени маалым болду.

Кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өткөрүлө тургандыгы тууралуу Жогорку Кеңеш 24-сентябрда чечим кабыл алды.

Сүрөт коллажы: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты