Суваналиев менен Жапыкеев президенттикке талапкерлик үчүн кыргыз тилинин тестинен тиешелүү балл топтой алышкан эмес
- 10 часов мурун
- Жаңылыктар
Президентикке талапкер болуу ниетин билдиришкен Өмүрбек Суваналиев менен Сыймык Жапыкеев кыргыз тилинин тестинен өтпөй калышканын ЖМКга билдирди.
Өмүрбек Суваналиев кыргыз тилинен тест тапшырып, “ортодон жогору” же B2 деңгээлине жетпей калганын айтты. Өмүрбек Суваналиев “лексика, грамматика боюнча 87, окуудан 84 жана сүйлөөдөн 65 балл алган. Жазуудан 56 упай топтоп, 4 балл жетпей калгандыгын, B2 деңгээлин алыш үчүн ар бир тесттен кеминде 60тан балл топтош керектигин” “Азаттыкка” билдирди.
“B2 деңгээлине жетүү өтө оор. Аны алыш үчүн филология илимдеринин доктору же талапкери болушуң керек. Болбосо кесибиң кыргыз тилине байланыштуу болуп, күн сайын жазып, адабий тилде көркөм сүйлөшүң зарыл. Биз юрист, саясатчы болгондон кийин жөнөкөй тил менен сүйлөп жүрөбүз да. Жазуу практикабыз аз” деди Суваналиев
Сыймык Жапыкеев 8-октябрда “Кыргызтест” мекемесинде мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча тест тапшырып, лексика, грамматика боюнча, окуудан жана сүйлөөдөн жетиштүү упай топтоп, жазуудан 5 балл жетпей калганын билдирди.
Президенттикке талапкер көрсөтүү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин созулат.
14-октябрда Аймен Касенов президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен БШКга кайрылды.
Президенттик шайлоого катышуу ниетин президент Садыр Жапаров жана саясатчы Өмүрбек Суваналиев билдирди. Андан кийин президенттик шайлоого катышаарын Сыймык Жапыкеев айтты. Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев президенттикке талапкерликке баруу ниетинде экени маалым болду.
Кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өткөрүлө тургандыгы тууралуу Жогорку Кеңеш 24-сентябрда чечим кабыл алды.
Борбордук шайлоо комиссиясы президентти шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө кеткен чыгымдардын сметасын түздү. Анын жалпы суммасы 1 млрд 200 млн сомду түзөт.
Сүрөт коллажы: Интернет булактарынан. 24kg




