Сыймык Жапыкеев кармалды

19-октябрда түндө Сыймык Жапыкеев милиция тарабынан кармалды. Жапыкеев социалдык тармактарда билдиргендей, бүгүн “Кыргыз тестке” тест тапшырмак болгонун, бирок белгисиз себептер менен аны милиция кармап кеткенин айтты. Ал эми Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Жапыкеевдин кошуналары милицияга билдирип, түнкү тынчтыкты бузганы үчүн кармалганын маалымдады.  

Бишкек шаардык ИИББдин маалыматы боюнча,  19-октябрда саат 02:11 чамасында Бишкек шаарынын ички иштер башкы баркармалыгынын “102” кызматына Бишкек шаарындагы Жаманбаев көчөсүндөгү батирлердин биринде тынчтыкты бузуу фактысы боюнча билдирүү түшкөн. Арыз ээсинин айтымында, кошуналары ызы-чуу салып, кыйкырып, жашоочулардын тынчын алышкан.

Аталган факты Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери ыкчам түрдө барышкан. Алар жеринен 1977-жылы туулган С. Ж. (Сыймык Жапыкеев-ред.) аттуу жаранды аныкташкан. Алдын ала маалымат боюнча, жаран мас абалында болгон. Ошондой эле ал милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, сөгүнгөн.

Кийинчерээк ал Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын № 5 шаардык милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Сыймык Жапыкеев келерки президенттик шайлоого талапкер катары катышуу ниети бар экенин билдирген. «Кыргызтестке» кыргыз тилинен тест тапшырып, тиешелүү балл ала албай калган. Жапыкеев экинчи ирет тест тапшырууга белсенген.

Кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өткөрүлө тургандыгы тууралуу Жогорку Кеңеш 24-сентябрда чечим кабыл алды.

Сүрөттө: Сыймык Жапыкеев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты