Сот Улукбек Карыбек уулун эч жакка кетпөө кепилдиги менен бошотту

  • 10 месяцев мурун

Бүгүн, 16-июлда, Ош шаарынын соту Улукбек Карыбек уулун эч жакка кетпөө кепилдиги менен бошотуу чечимин кабыл алды.  

Аталган чечим чыкканга чейин Ош шаардык сотунун судьясы Улукбек Карыбек уулунун мыйзамдуу кармалган деп тапкан.

Ички иштер министрлиги блогер Улукбек Карыбек уулу “милициянын мыйзамдуу талабына баш ийбегендиктен”, ага карата топтолгон материал сотко жөнөтүлгөнүн билдирген.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы блогер Улукбек Карыбек уулу “Бейбаштык” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын маалымдаган.

Милициянын маалыматына караганда, 7-июлда Ош облустар аралык клиниканын төрөт стационарынын башкы дарыгери блогерге чара көрүүнү өтүнүп кайрылган. Ал белгисиз журналисттер төрөт үйүн уруксатсыз видео тасмага тартып, жумушка тоскоолдук жаратып жатканын билдирген.

Ошондой эле, андагы маалыматтарга ылайык, блогерлер төрөт үйүнүн эки кызматкерине баш бербей, түртүп киришкен, жаңы көз жарган он чакты келинден маек алган. Блогердин аракетинен улам аталган оорукана 37 миңге жакын материалдык зыян тарткан.

Милициянын маалыматында бейтаптар бул окуя боюнча төрөт стационарынын башкы дарыгерине кайрылып, блогер алардын тынчын алганын жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга жугуштуу оорулар жугуп калышы ыктымал экендигин билдиришкени дагы айтылат.

Блогер Улукбек Карыбек уулу 14-июлда Бишкекте кармалып, Ош шаардык милициясына жеткирилген. Кийин ал шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынганы кабарланган.

12-июлда “Ош облустук оңолбос төрөт үйү” деген материал чыгарган. Анда төрөт үйүндөгү шарттар жана жарандардан акча талап кылуу фактылары тууралуу сөз болгон.

Блогердин Ютуб-каналынын 515 миң катталуучусу бар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты