Блогер Улукбек Карыбек уулу Ош шаардык милициясына жеткирилди

  • 1 год мурун

Блогер Улукбек Карыбек уулу Ош шаардык ички иштер башкармалыгына жеткирилди. Бул тууралуу маалымат блогердин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Анда Карыбек уулу Ош облустук төрөт үйүнүн кызматкерлери жазган арыздын негизинде кармалганы жазылат.

«Бул арыздын аркасында Саламаттык сактоо министрлиги турат деген ойдобуз жана Улукбектин ошол төрөт үйү кызматкерлери тарабынан акыркы көрсөтүүсүндөгү одоно мыйзам бузуулары себеп деп эсептейбиз«, — деп жазылат билдирүүдө.

Блогер Карыбек уулу кечээ, 14-июлда Бишкекте милиция тарабынан кармалганы кабарланган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы окуя боюнча азырынча комментарий бере элек.

Улукбек Карыбек уулунун Ютубдагы каналына 500 миңден ашык адам катталган. Ал мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык иштер, тейлөөнүн сапаты боюнча видеолорду жарыялап турат.

12-июлда “Ош облустук оңолбос төрөт үйү” деген материал чыгарган. Анда төрөт үйүндөгү шарттар жана жарандардан акча талап кылуу фактылары тууралуу сөз болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты