Милиция блогер Улукбек Карыбек уулу бейбаштыкка шек саналып кармалганын билдирди

  • 1 год мурун

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы блогер Улукбек Карыбек уулу «Бейбаштык» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирди.

Милициянын маалыматына карагандаЮ 7-июлда Ош облустар аралык клиниканын төрөт стационарынын башкы дарыгери блогерге чара көрүүнү өтүнүп кайрылган. Ал белгисиз журналисттер төрөт үйүн уруксатсыз видео тасмага тартып, жумушка тоскоолдук жаратып жатканын билдирген.

«Тергөө тобу ал жерде журналист Улукбек Карыбек уулу жүргөндүгүн, аны төрөт үйүнүн кызматкерлери киргизбей койгондугун аныктап түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ошол эле күнү блогер өзүнүн эки шериги менен төрөт үйүнүн арткы эшигин бузуп, эч кимдин уруксаты жок санитардык нормаларды сактабай жандандыруу бөлүмүнө кирип барышкан«, — деп жазылат милициянын маалыматында.

Ошондой эле, андагы маалыматтарга ылайык, блогерлер төрөт үйүнүн эки кызматкерине баш бербей, түртүп киришкен, жаңы көз жарган он чакты келинден маек алган. Блогердин аракетинен улам аталган оорукана 37 миңге жакын материалдык зыян тарткан.

Милициянын маалыматында бейтаптар бул окуя боюнча төрөт стационарынын башкы дарыгерине кайрылып, блогер алардын тынчын алганын жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга жугуштуу оорулар жугуп калышы ыктымал экендигин билдиришкени дагы айтылат.

Блогер Улукбек Карыбек уулу 14-июлда Бишкекте кармалып, Ош шаардык милициясына жеткирилген. Кийин ал шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынганы кабарланган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты