Ош электр тармактар ишканасынын кызматкери алюминий зымдарын сатууга шектелүүдө

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Ош электр тармактары ишканасынын кампасынан материалдык баалуулуктарды системалуу түрдө ыйгарып алуу жана мыйзамсыз сатуу фактысын аныктады.

Борбордук кампанын башчысы М.А.М. узак убакыт бою өзүнө ишенип тапшырылган, электр берүү линияларын оңдоо жана эксплуатациялоо үчүн арналган АС-95, АС-185 жана АС-300 маркасындагы алюминий зымдарын мыйзамсыз сатууга шектелүүдө.

Аталган мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында ишканага ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген. Кампадагы материалдык запастардын жетишсиздиги Ош облусунун энергетикалык инфраструктурасын 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо алкагында оңдоо иштерин өз убагында жүргүзүүгө тобокелдиктерди жараткан.

Тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты