Блогер Улукбек Карыбек уулун милиция кармап кеткени кабарланды

  • 1 год мурун

Бүгүн, 14-июлда блогер Улукбек Карыбек уулу Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул маалыматты блогердин досу Кубан Садыров ”Азаттыкка” тастыктады. Маалыматка ылайык, Карыбек уулун Ош шаарына алып кетишти.

Улукбек Карыбек уулунун Фейсбуктагы жеке баракчасына аны милиция кызматкерлери жана жөнөкөй кийимчен дагы бир адам кармап турган сүрөт жарыяланды.

Блогер Улукбек Карыбек уулун милиция кармап кеткени кабарланды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы окуя боюнча азырынча комментарий бере элек.

Улукбек Карыбек уулунун Ютубдагы каналына 500 миңден ашык адам катталган. Ал мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык иштер, тейлөөнүн сапаты боюнча видеолорду жарыялап турат.

12-июлда “Ош облустук оңолбос төрөт үйү” деген материал чыгарган. Анда төрөт үйүндөгү шарттар жана жарандардан акча талап кылуу фактылары тууралуу сөз болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты