Ош шаарында Салижан Жигитов атындагы орто мектептин ачылышы болду
- 5 часов мурун
- Жаңылыктар, Фоторепортаж
Ош шаарында Салижан Жигитов атындагы орто мектептин ачылыш аземи өттү. Анын ачылышына Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.
МинКаб төрагасы быйыл 10-апрелде Президент шаардагы 10 орто мектептин курулушун баштап бергенин, алардын бири болгон бул мектеп бүгүн ишке берилип жатканын белгиледи.
Мектеп 1200 окуучуга ылайыкталган. Курулушуна турукташтыруу фондунан дээрлик 1 млрд сомго жакын каражат сарпталды. Эки сменде 2500 окуучу окуй алат. Окуу аудиториялары, китепканасы, ашканасы, футбол, волейбол, баскетбол аянттары бар.
МинКаб төрагасы билим берүүнүн материалдык-техникалык базасы менен бирге мугалимдердин эмгек акысы да көбөйтүлүп жатканын белгиледи. 2025-жылы эмгек акыга 58 млрд сом каралса, 2026-жылдын 9 айында кошумча 41 млрд сом бөлүндү. Мугалимдердин орточо эмгек акысы 25 миң сомдон 50 миң сомго чейин жогорулады.





Сүрөттөр: gov.kg




