Блогер Улукбек Карыбек уулу эки суткага камакка алынды

  • 1 год мурун

Ошто блогер Улукбек Карыбек уулу 48 саатка Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу маалымат блогердин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Улукбек Карыбек уулу кечээ, 14-июлда Бишкекте милиция тарабынан кармалып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына жеткирилген.

Блогердин социалдык тармактагы баракчасына ал Ош облустук төрөтканасынын кызматкерлери жазган арыздын негизинде кармалганы кабарланган.

Бул арыздын аркасында Саламаттык сактоо министрлиги турат деген ойдобуз жана Улукбектин ошол төрөт үйү кызматкерлери тарабынан акыркы көрсөтүүсүндөгү одоно мыйзам бузуулары себеп деп эсептейбиз“, – деп жазылат билдирүүдө.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы окуя боюнча азырынча комментарий бере элек.

Улукбек Карыбек уулунун Ютубдагы каналына 500 миңден ашык адам катталган. Ал мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык иштер, тейлөөнүн сапаты боюнча видеолорду жарыялап турат.

12-июлда “Ош облустук оңолбос төрөт үйү” деген материал чыгарган. Анда төрөт үйүндөгү шарттар жана жарандардан акча талап кылуу фактылары тууралуу сөз болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты