Блогер Улукбек Карыбек уулуна байланыштуу топтолгон материалдар сотко өттү

  • 1 год мурун

Ички иштер министрлиги блогер Улукбек Карыбек уулу «милициянын мыйзамдуу талабына баш ийбегендиктен», ага карата топтолгон материал сотко жөнөтүлгөнүн билдирди.

ИИМдин 15-июлда тараткан билдирүүсүнө ылайык, 2023-жылдын 10-июлунда блогер Улукбек Карыбек уулу Саламаттык сактоо министрлигинин имаратына видео тартуу тобу менен кирип барган. Күзөт кызматы аларды министрдин иш бөлмөсүнөн чыгуусун өтүнгөн учурда ЖМК жөнүндө мыйзамга таянып өздөрүн орой алып жүрүп, коомдук тартипти бузган. Бул тууралуу милицияга Биринчи Май райондук күзөт бөлүмүнүн жооптуу кызматкери маалымат берген.

Жогорудагы аталган факт Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган. 14-июлда Укук бузуулар жөнүндө Кодекстин «Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө» беренесинин негизинде Улукбек Карыбек уулу бөлүмдүн коомдук коопсуздук кызматына жеткирилип, протокол толтурулгандан кийин коё берилген.

Түзүлгөн укук бузуу протоколдору Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жиберилген.

Блогер Улукбек Карыбек уулу 14-июлда «Бейбаштык» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкекте кармалып, Ош шаардык милициясына жеткирилген. Кийин ал шаардык милициянын убактылу кармоочу жайына 48 саатка киргизилгени кабарланды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты