Сот Рита Карасартованын абактагы мөөнөтүн дагы бир айга узартты

  • 1 год мурун

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сот укук коргоочу Рита Карасартованын абактагы мөөнөтүн жагы бир айга, 12-июлга чейин узартты.

Адвокат Жаныш Бараковдун билдиргени боюнча, сот кечээ, 9-июнда төрт саатка созулуп, бир катар укук бузуулар менен коштолду. Рита Карасартованын абакта жаткан бир ай мөөнөтү ичинде бир дагы тергөө иши жүргүзүлгөн эмес.

30-апрелде Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту белгилүү укук коргоочу Рита Карасартованын камактагы мөөнөтүн 12-июнга чейин узартты. 

Укук коргоочу Карасартова 15-апрелде 48 саатка камакка алынган. Укук коргоочуну Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы суракка алып кеткени маалым болгон. Ошондой эле анын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп жатканы кабарланган.

Карасартованын айтымында, анын кармалышына Тилекмат Куреновдун өзүнө жолдонгон аманат катын социалдык тармакка жарыялап койгону себеп болгон.

Анда Куренов “Азыр бир кат жиберем, эгер кармалсам же дагы бир нерсе болсом, чыгарып коюңузчу, эч кимге ишенбей калдым” деп мурда жазган катын жарыялоого убакыт келди деп жиберген. Кат БАЭде жашап жүргөн активист Куреновдун жубайына, балдарына, ата-энесине, бир туугандарына жолдогон аманаты болгон.

Укук коргоочу Карасартова массалык башаламандыкты уюштурууга катышы бар деп шектелүүдө.

14-апрелде Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Куреновго байланыштуу адамдар массалык башаламандыкка шектелип кармалганын билдирген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тараткан маалыматка ылайык, 19-апрелде  конституциялык түзүлүштүн негиздерине каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шектелген, эл аралык издөөдө жүргөн Тилекмат Куренов БАЭден  кармалып, Кыргызстанга жеткирилди. 

21-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту активист Тилекмат Куреновдун бөгөт чарасын карап, аны 2025-жылдын 19-майына чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды.  3-июнда, Бишкек шаардык сотунда Тилекмат Куреновдун бөгөт чарасы каралып, Биринчи май райондук сотунун 14-майдагы эки айга камакта калтыруу чечими күчүндө калтырылды. 

Сүрөттө: Рита Карасартова. 9-июнь. Свердлов райондук сотунда. Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты