Мэрия: Бишкекте азык-түлүк баасына көзөмөл жүргүзүү уланууда

Өткөн жумада райондук администрациялар Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен биргеликте калкты жеткиликтүү баадагы эт азыктары менен камсыз кылуу максатында уй жана кой этин сатуу боюнча 106 кызматташуу келишимин түзүштү.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Ош базары жана Орто-Сай, “Алтын така” эт базары, «Сары-Өзөн» жана «Азиз» базарларындагы соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлүп, белгиленген бааларды сактоо жана негизсиз жогорулатууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бир эле, Октябрь районунда 2025-жылдын август айынан бери райондо жалпы 598 рейд өткөрүлгөн. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында эт азыктарына белгиленген баадан жогору баа койгондугу үчүн 6 административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, жалпы 56 миң сом айып пул салынган.

Сүрөт: Бишкек мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты