Шаардык сот Куреновду камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин өзгөрткөн жок

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 3-июнда, Бишкек шаардык сотунда Тилекмат Куреновдун бөгөт чарасы каралып, Биринчи май райондук сотунун 14-майдагы эки айга камакта калтыруу чечими күчүндө калтырылды. Сот жабык өттү.

14-майда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту активист Тилекмат Куреновду (Кудайберген уулу) эки айга камакта калтыруу чечимин кабыл алган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тараткан маалыматка ылайык, 19-апрелде  конституциялык түзүлүштүн негиздерине каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шектелген, эл аралык издөөдө жүргөн К.у.Т. аттуу КР жараны БАЭден  кармалып, Кыргызстанга жеткирилди. (Кудайберген уулу Тилекмат. Куренов -ред.)

Тактап айтканда, К.у.Т.  республиканын чегинен сырткары жүргөндө өзүнүн шериктери менен биргеликте социалдык тармактардагы көп сандаган аккаунттары аркылуу,  бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу менен массалык башаламандыкты уюштурууга чакырган чагымчыл постторду жана видео кайрылууларды байма-бай жарыялап турган.

Учурда К.у.Т.нын кылмыштуу байланыштарын аныктоо жана кармоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары Кыргыз Республикасынын аймагында да, республиканын чегинен тышкары жерлерде да жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Тилекмат Куреновго байланыштуу адамдар кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинде каралган массалык башаламандыкка шектелип кармалгандыгын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирген.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты