Бишкектин Бакаев жана Миңжылкиев көчөлөрүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн ачылды

23-ноябрдан тартып, Бишкек шаарынын Анарбек Бакаев жана Болот Миңжылкиев көчөлөрүнүн кесилишинде унаа кыймылы кайрадан жандандырылды.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, айдоочулар аталган кесилиш аркылуу тоскоолдуксуз өтө алышат. Кесилиштин ачылышы жол кыймылын жеңилдетип, айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.

Мэрия Бакаев көчөсүн Аалы Токомбаев көчөсүнө (Түштүк магистралга) чейин улантуу иштеринин кийинки этабына киришет.

Сүрөт: Бишкек мэриясы  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты