Сот Канышай Мамыркулованын камактагы мөөнөтүн 4-июнга чейин узартты
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 21-майда, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованын бөгөт чарасын карады жана аны 4-июнга чейин камакта кармоо чечимин чыгарды.
Канышай Мамыркулова күнөөлүү эместигин дагы бир жолу билдирди.
30-апрелде Октябрь райондук соту Канышай Мамыркулованын бөгөт чарасын карады. Сот Свердлов районудук сотунун камакта калтыруу чечимин өзгөртүүсүз калтырды.
Канышай Мамыркулова соттун чечими менен 20-майга чейин камакта калтырылган.
9-апрелде Мамыркулованын кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча Свердлов райондук сотунун отуруму болду. Канышай Мамыркулова сотко алынып келинген эмес, соттук териштирүү анын өзүнүн катышуусуз өттү. Свердлов райондук соту милиция тарабынан журналисттин кармалышын мыйзамдуу деп тапты.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) милиция кызматкерлери тарабынан 20-мартта массалык баш аламандыкка чакырык жасоо жана улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип, Канышай Мамыркулова кармалганын ИИББ басма сөз кызматы билдирди.
2025-жылы 22-мартта Бишкек шаарынын Свердлов районунда эркин журналист, активист Канышай Мамыркулованы эки айга камоо чечимин чыгарды.
Сүрөт: 9-апрель 2025-жыл. Бишкек шаардык соту. «ПолитКлиника»
.