Сот Канышай Мамыркулованы камакта калтыруу чечимин өзгөрткөн жок
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 30-апрелде, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованын бөгөт чарасын карады. Сот Свердлов районудук сотунун камакта калтыруу чечимин өзгөртүүсүз калтырды
Сот отуруму жабык өттү.
Бишкек шаардык соту Канышай Мамыркулованын иши боюнча Свердлов райондук соту тарабынан эки айга камакка алуу тууралуу чечимин 9-апрелде өзгөртүүсүз калтырды.
Ошондой эле 9-апрелде Мамыркулованын кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча Свердлов райондук сотунун отуруму болду. Канышай Мамыркулова сотко алынып келинген эмес, соттук териштирүү анын өзүнүн катышуусуз өттү. Свердлов райондук соту милиция тарабынан журналисттин кармалышын мыйзамдуу деп тапты.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) милиция кызматкерлери тарабынан 20-мартта массалык баш аламандыкка чакырык жасоо жана улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип, Канышай Мамыркулова кармалганын ИИББ басма сөз кызматы билдирди.
2025-жылы 22-мартта Бишкек шаарынын Свердлов районунда эркин журналист, активист Канышай Мамыркулованы эки айга камоо чечимин чыгарды.
Сүрөттө: Канышай Мамыркулова. Социалдык тармактан