Свердлов соту журналист Канышай Мамыркулованы эки айга камоо чечимин чыгарды
- 4 недели мурун
Бүгүн, 22-мартта, Бишкек шаарынын Свердлов районунда эркин журналист, активист Канышай Мамыркулованын бөгөт чарасы каралды. Сот аны эки айга камоо чечимин чыгарды.
Сот отуруму жабык өттү.
Адвокат Нурбек Сыдыковдун айтымында, Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Канышай Мамыркулованын 2 айга, 19-майга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Сот Мамыркулованы кармоо да мыйзамдуу болгон деп тапты.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) милиция кызматкерлери тарабынан массалык баш аламандыкка чакырык жасоо жана улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип, Канышай Мамыркулова кармалганын ИИББ басма сөз кызматы билдирди.
“Социалдык тармактарда мониторинг жүргүзүү учурунда Фейсбук” социалдык тармагынан Кыргызстан-Тажикстан чек арасы боюнча жалган маалыматтарды таратып, коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу менен Кыргыз Республикасынын аймагында массалык баш аламандыктарды уюштурууга багытталган чакырыктарды, ошондой эле коңшу өлкөлөрдүн жана кыргыз жарандарынын ортосундагы улуттар аралык кастыкты козуткан аракеттерди жасаган Канышай Мамыркулова аттуу колдонуучу аныкталган” деп билдирди Бишкек шаардык ИИББ басма сөз кызматы.
Канышай Мамыркуловага кылмыш-жаза кодексинин 278 жана 330-беренелери боюнча айып тагылганы белгилүү болду.
Кыргызстандын журналисттери, укук коргоочулары эркин журналист Канышай Мамыркулованын камалышы боюнча президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге, ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылуу жолдоду.
«Элибизде «Баш кесмек бар, тил кесмек жок» демекчи, өз оюн ачык айтканы үчүн айыптап, «бөрк ал десе, баш алган» жорукка сиздерди жол бербейт деп ишенгибиз келет. Андыктан сиздерден калыс, акыйкат мамиле күтөбүз» деп айтылат кайрылууда.
20-мартта социалдык тармактарда журналист, активист Канышай Мамыркулованын кармалганы айтылган. Ал 48 саатка камакка алынган.
Сүрөттө: Канышай Мамыркулова. 22-март, 2025. Сотто. Социалдык тармактан