Канышай Мамыркулованын кармалышынын мыйзамдуулугу райондук сотто каралды

Бүгүн, 9-апрелде, түшкө чейин Канышай Мамыркулованын кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча сот отуруму өттү. Мамыркулова сотко алынып келинген эмес, соттук териштирүү анын өзүнүн катышуусуз  өттү.  

Тергөөчү мурда өзү түзгөн протоколуна, Канышай Мамыркулованы 20-мартта саат 15:00дө кармап келдик дегенине каршы чыкты. Ал саат 15:45 адвокаты жок эле суракка киргизилген. Тергөө Канышай Мамыркулованы күбө катары кармаганын айта баштады. Адвокат Асел Аргымбаева “өзүңүз түзгөн протоколдо калп айттыңызбы же сотто калп айтып жатасызбы” деп суроо узатса, тергөөчү адвокат “мени калпычы кылып жатат” деген дооматын билдирди.

Териштирүүдөн кийин Свердлов райондук соту Канышай Мамыркулованын кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) милиция кызматкерлери тарабынан 20-мартта массалык баш аламандыкка чакырык жасоо жана улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип, Канышай Мамыркулова кармалганын ИИББ басма сөз кызматы билдирди.

22-мартта Бишкек шаарынын Свердлов районунда эркин журналист, активист Канышай Мамыркулованы эки айга камоо чечимин чыгарды.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров Канышай Мамыркулованын камалышы боюнча мындай пикирин билдирди.

-Канышай айымдын билдирип жаткан пикирлери, айтып жаткан позициясы — инсандык, жарандык позиция. Жарандык позициясын билдиргени үчүн коюлуп жаткан беренелер, менимче квази-мамлекеттерде деле мындай жосун болбойт, бул жапайычылык деп коёт. Эч жерде иштебеген, өзүнчө оокат кылып келе жаткан инсан чакырык таштап койсо эле, ошол чакырыкка берилип кеткен улут барбы? Бүтүндөй мамлекеттик машина иштеп, күн-түн аракет кылып жатып, жакшылык ишке бура албаган элди бир эле инсан чакырык жасап койсо эле, ошол чакырыкка кетип калабы?” деди Мадумаров.    

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитетинин 8-апрелдеги жыйынында депутат Гуля Кожокулова эркин журналист Канышай Мамыркулованын камалышы боюнча маселе көтөрдү.

«Жашырганда, эмне жакында блогер кармалды, коомдук резонанс жаратты, ал мурда соттолгон эмес, жоопкерчилиги бар, ушул учурлар эске алыныш керек. Кылмыш-процессуалдык кодексинде так жазылып турат, эгер мурда соттолбосо, туруктуу жашаган жери болсо, камоодон башка бөгөт коюу чаралары бар, эмнеге ал чаралар колдонулбайт? Үй камагы деген бар, эч жакка кетпөө кепилдиги, күрөө ж.б. Эмнеге ушундай ар түрдүү жана адамдык мамиле жок? Силер кимге айланып бара жатасыңар?» деди депутат Гуля Кожокулова.

Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 7-апрелдеги жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев эркин журналист Канышай Мамыркулованын камалышы боюнча акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага суроо берди.

-Бүгүнкү күндө эркин журналист Канышай Мамыркулова камакта отуруптур, 9-апрелде соту болот деп соцтармактарда да кайрылып жатат. Ал боюнча кандай болду, эмне болуп жатат, ал боюнча да маалымат бере кетсеңиз,-деди депутат Түмөнбаев.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мындайча жооп берди:

— Маалымат келип түшкөндө жабык мекемеде кармалган Канышай Мамыркуловага жолуктук. Жабык мекемеде кандайдыр бир арыз-муңу барбы деп сурадык, маектештик. Акыйкатчы институтуна укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз, негизсиз кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатат деген сунуш келип түшкөн. Биз өзүбүздүн макамыбыздын алкагында гана иш алып бардык. Сот процессине биз мониторинг жүргүзөбүз, бирок сот процессинде тарап катары эсептелбейбиз, жөн эле байкоочу катары гана катышабыз,- деген акыйкатчы Жаманбаева.   

Сүрөттө: Канышай Мамыркулова. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты