Шаардык сот Канышай Мамыркулованы камакта калтыруу чечимин өзгөрткөн жок

Бишкек шаардык соту эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованын иши боюнча Свердлов райондук соту тарабынан эки айга камакка алуу тууралуу чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Бүгүн, 9-апрелде, мындай чечимди Бишкек шаардык соту чыгарды.

Сотто журналисттерге фото жана видео тасма тартууга уруксат берилген жок. Мамыркулованын тарапташтары сотко колдоп келишти.

Ошондой эле бүгүн түшкө чейин Мамыркулованын кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча Свердлов райондук сотунун отуруму болду. Мамыркулова сотко алынып келинген эмес, соттук териштирүү анын өзүнүн катышуусуз  өттү. Свердлов райондук соту милиция тарабынан журналисттин кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) милиция кызматкерлери тарабынан 20-мартта массалык баш аламандыкка чакырык жасоо жана улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип, Канышай Мамыркулова кармалганын ИИББ басма сөз кызматы билдирди.

2025-жылы 22-мартта Бишкек шаарынын Свердлов районунда эркин журналист, активист Канышай Мамыркулованы эки айга камоо чечимин чыгарды.

Сүрөт: 9-апрель 2025-жыл. Бишкек шаардык соту. «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты