Бишкек шаардык ИИБ Канышай Мамыркулованын кармалышы боюнча маалымат берди

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) милиция кызматкерлери тарабынан массалык башаламандык чакырыктарга жана улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип, Канышай Мамыркулова кармалганын ИИББ басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө мындай деп айтылат:

“Социалдык тармактарда мониторинг жүргүзүү учурунда Фейсбук” социалдык тармагынан Кыргызстан-Тажикстан чек арасы боюнча жалган маалыматтарды таратып, коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу менен Кыргыз Республикасынын аймагында массалык баш аламандыктарды уюштурууга багытталган чакырыктарды, ошондой эле коңшу өлкөлөрдүн жана кыргыз жарандарынын ортосундагы улуттар аралык кастыкты козуткан аракеттерди жасаган Канышай Мамыркулова аттуу колдонуучу аныкталган” деп билдирди Бишкек шаардык ИИББ басма сөз кызматы.

“Маалымат соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусу менен тастыкталып, борбордук милициянын тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык баш аламандыктар) менен кылмыш кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш иштин алкагында, 1975-жылы туулган К.М., аттуу шектүү аныкталып, Бишкек шаарынын ИИББ убактылуу кармоочу жайына киргизилгени айтылды.

“Белгилей кетүүчү жагдай, ушул эле жаран мурда орун алган Кыргыз Республикасынын жана Өзбек Республикасынын ортосундагы чек ара маселелери боюнча да коомчулукту адаштырып, коомдук-саясий кырдаалды курчутуп, ал боюнча дагы учурунда жоопкерчилиги каралган.
Учурда бул кылмыштуу аракеттерге катыштыгы бар атуулдарды аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам-иликтөө иштери улантылууда” деп кошумчаланган билдирүүдө.

19-мартта Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун үч окууда бир карап, колдоду.

Бүгүн, 20-мартта, социалдык тармактарда журналист, активист Канышай Мамыркулованын кармалганы айтылган. Бул тууралуу активист Аманбол Бабакулов Фейсбук баракчасында билдирди.

Адвокат Нурбек Сыдыковдун айтымында, Канышай Мамыркулова 48 саатка камакка алынды. Ага кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү, массалык баш аламандыкка чакырык боюнча айып тагылууда.

Канышай Мамыркулова өзү ага суракка чакырык келбегенин, үйдөн эле, тапичкечен алып кетишкенин, Конституциялык укугу боюнча өз оюн айтканын, баш аламандыкка чакырбаганын билдирген.

Канышай Мамыркулова бийликти сындап жана коомдогу терс көрүнүштөрдү социалдык тармактарда курч чагылдырып турган активист, эркин журналист.

Сүрөттө: Канышай Мамыркулова. RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты