Шайлообек Атазов: «Матраимов менен байланышы жок кайсы саясатчы бар?» (Видео) 

Бүгүн, 13-мартта, Жогорку Кеңеште депутат Шайлообек Атазов ага карата “кара пиар” уюштурулуп жатканын билдирди.

-Акыркы бир аптадан бери кара пиар уюштурулуп жатат, айрыкча мен тууралуу, блогер, журналисттердин артында кайсы саясатчы турат же атайын топ барбы? Мен эмне, 15 күнгө дарыланып келсем, болбойбу? Атазов митинг уюштурат экен деп айтып жатышат. Митингди өзүңөр уюштурасыңар. Мен мамлекетчил болуп келгем, мен спорт үчүн дүйнөлүк аренада күрөшкөм.   

Мандат боюнча, мандат бул адамды бейишке кирди же чыкты деген эмес го. Административдик соттун, Жогорку соттун чечими чыккан Муртазалиевге. Артымдан кууп жүрүп, башкы прокурор максатына жетти.

Матраимовго байланышы бар деп жатасыңар, Матраимов менен байланышы жок канча саясатчы бар? Мен кыргыз спортун көтөрүш үчүн Матраимовго чейин да көп кишилер менен байланышкам. Эң чоң байланышы бар эки «китти» айтайын,  Мына, башкы прокурор Зулушев, сиз өзүңүз кан досу болуп, уча тартып, туулган күнүңүздө «Раим досум келгиче жебей тургула» дебедиңиз беле. Үч жылдан бери башкы прокурор болуп отурасыз, ал киши чоң кылмышкер болсо, көрбөй калдыңызбы? Кечээ муфтиятты ачып жатканда кармап албайт белеңиз? Башкы прокуратурада 700 миң долларды алып отурат, ошол үчүн да моралдык акыңыз жок болчу. Ишкерлердин баарына мыйзамсыз иш козголуп жатат, -деди Шайлообек Атазов.

Шайлообек Атазов казинону ачууну колдогону үчүн коомчулуктан кечирим сурады. Ошондой эле парламенттин эркиндиги керек экенин белгиледи.    

Буга чейин Атазов мандатынын мыйзамсыз алынышы боюнча айтып чыккан.

Бишкек шаарынын административдик соту Шайлообек Атазовдун ордуна Абдурахманхаджи Муртазалиевге депутаттык мандат берүү чечимин чыгарды.

Буга чейин Бишкек административдик соту Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарган.  

Шайлообек Атазов 2022-жылы февраль айында Бишкектин №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган.  

Свердлов шайлоо округунан Абдурахманхаджи Муртазалиевге шайлоочулар 19,52%ы добуш берген. Бирок 9-мартта БШК анын талапкерлигин жокко чыгарган. ИИМдин өкүлдөрү берген маалыматка ылайык, добуштарды сатып алуу фактысы тастыкталып, кылмыш иши козголгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго издөө жарыяланган.

Маалыматка ылайык, Райымбек Матраимов кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси («Кызматтык кылмыштын белгилери жок болгон учурда адамды күч менен кармоо менен анын жүрүү эркиндигин чектөөгө көмөктөшүү») боюнча шектелүүдө.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты