Свердлов шайлоо округу боюнча депутаттык мандат Шайлообек Атазовго берилет

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу Свердлов шайлоо округунан депутаттык мандат Шайлообек Атазовго берилет деп чечти.

Мындай чечим бүгүн, 25-мартта, БШКнын жыйынында кабыл алынды. Свердлов шайлоо окуругунда шайлоо өттү деп саналды.

27-февралда Бишкек шаарынын №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өттү.

Кайра шайлоого 53 талапкер каттоодон өткөн. № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча 27 талапкер, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча 26 талапкер катышты.

Биринчи май шайлоо округу боюнча Элвира Сурабалдаиева шайлоочулардын 47,97%нын добушуна ээ болуп, жеңишке жетишти. Ал эми Свердлов шайлоо округунан Абдурахманхаджи Муртазалиевге шайлоочулар 19,52%ы добуш берген. Бирок 9-мартта, БШК анын талапкерлигин жокко чыгарган. ИИМдин өкүлдөрү берген маалыматка ылайык, добуштарды сатып алуу фактысы тастыкталып, кылмыш иши козголгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты