Райымбек Матраимов УКМКга суракка чакырылганы маалым болду

  • 7 месяцев мурун

4-октябрда кечинде Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) суракка чакырылганы маалым болду.

Бул тууралуу бир катар ЖМК жеке булактарына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

УКМК кайсы маселе боюнча Матраимовду суракка чакырганы айтыла элек жана бул тууралуу расмий маалымат бериле элек.

Ушул эле күнү Бишкеке кримтөбөл Камчыбек Көлбаев жок кылынганын Улуттук коопсуздук комитети тастыктады.

УКМКнын маалыматында уюшкан кылмыштуу топтун ишкерлердин өзгөчө ири суммада мүлктөрүн мыйзамсыз алып алгандыгы айтылат. Ошондой эле Камчы Көлбаевдин Дөө Чыңгыз аттуу каймана аты менен белгилүү Чыңгыз Капаровду өлтүрүүгө тиешеси бар деген маалымат текшерилип жаткандыгы маалымдалды. Камчы Көлбаев Бишкекте “Блондер Паб” ресторанынын жанында УКМК кызматкердеринин талаптарын аткарбай, куралдуу каршылык көрсөткөнү белгиленди.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып буга чейин бюджетке 2 млрд. сом төккөн.

Матраимовго карата соттун бул чечими жарандык коомдун нааразылыгын жаратып, Бишкекте аны камакка алууну талап кылган акция өткөн.

АКШнын Финансы министрлиги Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитскийдин акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.

Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд каралоо деп эсептеп, сотко кайрылышкан.

Сүрөттө: Райымбек Матраимов. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты