Сот Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарды

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарынын административдик соту депутат Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарды.

Шайлообек Атазов 2022-жылы февраль айында Бишкектин №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган.  

2024-жылы 27-февралда vb.kg сайты парламенттеги жеке булактарына шилтеме берип “депутаттар Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов чет өлкөгө шашылыш чыгып кеткенин” жазган. Мындай маалыматтар социалдык тармактарда да тараган.

Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов акы төлөнбөгөн эмгек өргүүгө чыкканы белгилүү болгон.

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Түркияда дарыланып жатканын жана дарылануусу аяктагандан кийин Кыргызстанга кайтаарын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирген.   

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты