Шайлообек Атазов мандатынын алынышы боюнча билдирүү жазды

  • 2 месяца мурун

Шайлообек Атазов мандатынын алынышы боюнча Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазды.

Анда ал соттун чечими мыйзамсыз экенин билдирди. «Эч кандай юридикалык аргумент, фактылары жок. Өлкөбүздөгү саясий топтордун кызыкчылыгы менен жасалды. Биздин мамлекетте кандай гана мыйзамсыз иштер болуп жатса баарын кылган, өлкө башчыларына туура эмес маалыматтарды жеткирген сүмбүлдөрдүн айынан болуп жатат. Кеп менин мандатымда эмес. Кеп адилеттүүлүктө, мыйзамдуулукта. Мандат элдин берген аманаты, ишеними», — деп жазды Атазов.

Бишкектин административдик соту 1-мартта 2022-жылдын февраль айында Бишкектин №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарган.

Шайлообек Атазов Түркияда дарыланып жатканын жана дарылануусу аяктагандан кийин Кыргызстанга кайтаарын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирген.   

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты