Кайра шайлоо: бюллетендер кол менен толук саналып бүттү

  • 2 года мурун

Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округунда өткөн кайра шайлоо боюнча добуштарды кол менен саноо аяктады.

Ага ылайык, Биринчи май шайлоо округунан талапкер Эльвира Сурабалдиева шайлоочулардын 47,97%нын добушуна ээ болуп, жеңишке жетишти.

Свердлов шайлоо округунан Абдурахманхаджи Муртазалиев алдыда келе жатат. Ага шайлоочулардын 19,52%ы добуш берген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кайра шайлоонун акыркы жыйынтыгы 12-мартка чейин чыгарын белгиледи.

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет. 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо Биринчи май жана Свердлов округдарында баарына каршы добуш бергендеп басымдуулук кылгандыктан, кайра шайлоо дайындалган.

Биринчи май районунда 60, Свердлов районунда 60 шайлоо тилкеси түзүлдү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты