Сот Атазовдун ордуна Муртазалиевге депутаттык мандат берүү чечимин чыгарды  

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарынын административдик соту Абдурахманхаджи Муртазалиевге депутаттык мандат берүү чечимин чыгарды.

Буга чейин Бишкек административдик соту Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарган.  

Шайлообек Атазов 2022-жылы февраль айында Бишкектин №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган.  

Свердлов шайлоо округунан Абдурахманхаджи Муртазалиевге шайлоочулар 19,52%ы добуш берген. Бирок 9-мартта БШК анын талапкерлигин жокко чыгарган. ИИМдин өкүлдөрү берген маалыматка ылайык, добуштарды сатып алуу фактысы тастыкталып, кылмыш иши козголгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты